Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

М.Ахмадинежад Р.Отунбаеваны куттуктады


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Ирандын лидери Махмуд Ахмадинежаддан референдумдун ийгиликтүү өтүшүнө жана президенттик кызматка киришүүсүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын алды. Анда “Сизди жана урматтуу кыргыз элин жаңы Конституцияны кабыл алуу менен сиздин бир тууган жана дос Кыргыз Республикасын башкаруу мөөнөтүңүздү узарткан жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайм” деп айтылат. Ошондой эле М. Ахмадинежад эки өлкөнүн кызыкчылыктарына төп келген кызматташтыктын деңгээлин арттырууга жана өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар болгонуна ишенерин билдирген. Ушундай эле телеграмма Сауд Аравия Королдугунун королу Абдалла Бен Абделазиз Аль-Сауддан да келген. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин мындай куттуктоо катын Өзбекстан, Түркмөнстан, Орусия, Түркия жана башка өлкө жетекчилери жиберген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG