Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Жалалабаддык ооганчылар тынч митинг өткөрүштү


Ооган согушунун ардагерлери облустук бийликтин маңдайынан баштап, Эркиндик, Ленин, Кыргыз республикасы көчөлөрүн аралап, Жалал-Абаддагы Жаштык эс алуу багына дейре жөө жүрүштү. Алар “Биз Кыргызстандын эгемен эркиндиги, тынчтык, улуттар аралык биримдик, ынтымак үчүн!” деген кызыл тасмаларды көтөрүп өтүшүп, жол боюнда тургандарды өткөн калабалуу окуяларды унутууга чакырышты. Жаштык сейил багында болгон тынч митингде ооганчылар түрдүү улуттун өкүлдөрү болгону менен улуттарга бөлүнбөй, өлкөгө ак кызмат өтөшөрүн билдиришти. Митингде өткөн айлардагы башаламандыктарды уюштурган чагымчылар менен кара санатай күчтөр сынга алынып, ал окуяларда каза тапкандардын арбагына куран окутулду. Улуу Ата мекендик жана Ооган согуштарынан кайтпай калгандардын, майданга кеткен уулун күткөн Эненин эстелигине гүл чамбар коюшту. Жалал-Абад облус губернатордун орун басары К. Жакыпов менен Жалал-Абад шаар мэри М. Жээнбеков өткөн айда элдик кошуун уюштуруп, калктын тынчтыгын сактоо демилгеси үчүн ооганчыларга ыраазычылыгын билдиришти. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG