Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Ошто түн салыштырмалуу тынч өттү


Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыктарынын нөөмөт бөлүмдөрүнөн билдиришкендей, аймакта бул түнү атышуулар, талап-тоноолор жана киши өлтүрүү фактылары катталган жок. Учурда облуста элдешүү жумалыгынын алкагында жер-жерлерде жарашуу иш чаралары өткөрүлүп жатат.

Буга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 59 ок атуучу курал, аңчылык үчүн куралдар, миңден ашуун түрдүү калибрдеги ок-дарылар, тогуз граната жана бир нече колго жасалган жардыргыч заттар табылган. Ошондой эле элди өз ыктыяры менен куралдарды тапшырууга үндөгөн түшүндүрүү иштери уланууда.

Ош облустук комендантынын басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедов Р.Ахмедов учурда элдин колунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактардын саны тартип коргоо органдарына анык экенин, бирок кызматтык кызыкчылыктан улам бул айтылбай тургандыгын белгилеген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG