Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Орусиянын Тышкы иштер министринин Кыргызстанга мамилеси өтө жакшы


Бул тууралуу республикалык “Альфа-антитеррор” корунун президенти Артур Медетбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аны жана Орусиянын жана Кыргызстандын баатыры, космонавт Салижан Шариповду 8-июлда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кабыл алып, Кыргызстандагы учурдагы кырдаал боюнча кеп болгон. Ошондой эле С.Лавров мырза Орусия Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин, эки мамлекет башчыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр боюнча гуманитардык техникалык жардамдар боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеген.

“Биз негизинен жаштарды мекенин сүйүүгө, достукка, маданият багытындагы байланыштарды арттыруу максатында түзгөн Эл аралык жаштардын аскердик уюмунун форуму тууралуу сүйлөшкөнү барганбыз. С.Лавров биздин уюмдун сунушун колдоого аларын билдирип, Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу сөз болду”,-деди А.Медетбеков.

Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Приднестровье, Орусия, Тажикистан, Украина мамдекетеринин өспүрүмдөрүнүн Эл аралык жаштардын аскердик уюмунун I форуму 2008-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлүп, ага 13 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр катышкан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG