Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

“Таза коомдун» революциячыл канаты шайлоого өз алдынча барат


Бул тууралуу аталган партиянын саясий кеңешинин тең төрагасы Табылды Акеров «Азаттакка» билдирди. Анын айтымында, аталган партиянын төрагасы Абдысалам Юлдашев мурда «Акжол» партиясына өтүп кеткен саясий кеңештин мүчөлөрүнүн таасиринде болуп, дайыма Бакиевди жана анын режимин колдогон билдирүүлөрдү жарыялап келген.

“А.Юлдашев «Таза коом» партиясы парламенттик шайлоого тизмеге үч мүчөбүздүн фамилиясын киргизебиз деп жар салып, башка партиялар менен биригип барарын, ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн партиялар биздин купулубузга толбогонунан улам биз бул чечимге каршы чыктык. Ошондуктан “Таза коом” партиясынын революциячыл канаты алдыдагы парламенттик шайлоого өз алдыбызча барууга аракеттенебиз”,-деди Т.Акеров

Серепчилердин баамында «Таза коом» партиясы парламенттик шайлоого «Ак шумкар», СДП, «Азаттык» партиялары менен бирге аракеттениши мүмкүн.

Ал эми төрага Абдысалам Юлдашев болсо «Таза коом» партиясы үч талапкери менен башка партияларга кошулуп, парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG