Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

А.Медетбеков: Аткезчилик жол менен 100 тонна ок-дары келген


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, 2007-жылдын декабрь айында Түркмөнстандан америкалык бир ишкана аркылуу эки учак толо ок-дары келгенин билдирди. Келген ок-дарылардын өлчөмү 100 тоннага жакын болгон. Анын айтымында, ал ок дарылардын бардыгы аткезчилик жол менен келген. Анын бул учакты кармоо аракетин ошол кездеги УКМКнын жетекчиси Мурат Суталинов менен анын дагы бир орун басары Марат Бакиев токтотуп коюшкан. Анын айтымында, аткезчилик жол менен келген ок-дарыларга тийишпөө тууралуу “ак үйдөн” да телефон чалуулар болгон.

“Ошондон көп өтпөй мени жумуштан бошоткон жарлык чыкты”,- дейт А.Медетбеков. (IJz)

XS
SM
MD
LG