Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:20

Майкл Макфол Кыргызстанга келет


Эртең Кыргызстанга АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

Эки күндүк иш сапарынын алкагында М.Макфол президент Роза Отунбаева, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен жолугушары пландалган. Жолугушуу учурунда Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал жана жаңы баш аламандыктарды болтурбоо чаралары талкууланмакчы. 14-июль күнү түштөн кийин ал иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрмөкчү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG