Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

М.Турганбаев: Өлкөдө кырдаал туруктуу


Ички иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдиргендей, учурда Кыргызстандагы жалпы кырдаал туруктуу жана күч органдарынын көзөмөлүндө.

Анын айтымында, бүгүн Сузак районунда эки жүздөй аялды бирөөлөр уюштуруп, көкүтүп көчөгө чыгарышкан.

“Буларды кимдер уюштуруп атканы тууралуу маалыматтар белгилүү жана бул боюнча чара көрүп атабыз”,- дейт М.Турганбаев.

Ошондой эле ал жергиликтүү жетекчилер, күч органдарынын өкүлдөрү барып алар менен сүйлөшүшкөнүн, натыйжада алар таркап кетишкенин, эми экинчи жолу чыга турган болушса күч колдонуларын баса белгиледи.

М.Турганбаев билдиргендей, ал жактагы аялдардын айрымдары камакка алынган жакындарын бошотууну талап кылышкан. Бирок алардын жакындарынын ишин карай келгенде алар өтө оор кылмыштар менен кармалышканы белгилүү болгон.

“Биз андай оор кылмыштар менен кармалгандарды эч качан бошотпойбуз. Ошону Ош-Бишкек жолуна чыккан аялдарга түшүндүрүп айттык”,- дейт ал. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG