Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Ангела Меркель Роза Отунбаеваны куттуктады


Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага анын Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсүн куттуктап телеграмма жөнөттү.

Анда, “Акыркы жумаларда болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин Сиздин жетекчилигиңиз алдында өлкө кырдаалды турукташтыруу, экономикалык жактан өнүгүү жана укук менен демократиянын үстөмдүгүн бекемдөө жолунда ыкчам прогресске жетишүүсүн каалайм. Германия мындан ары да Кыргызстандын бул багыттагы аракеттерине колдоо көрсөтө бермекчи”,- деп айтылат.

Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG