Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:33

Баткендин чек аралаш аймактарына кошумча аскерлер тартылат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев өткөн жума сонунда Баткенде иш сапары менен болуп жергиликтүү күч кызматтары менен жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Жыйын сонунда аймакта акыркы убакта террордук топтун тизмесинде турган кишилердин кармалышы бул жакта террордук коркунуч бар экенин билдирерин белгилеп, бул аймакка кошумча аскердик күчтөр тартыларын, ашуулар катуу көзөмөлгө алынып, керек болгон учурда тоолуу аймактар учактар менен көзөмөлгө алынаарын билдирди.

Кыргызстандын күч кызматтары «Ислам жихады» деп аталган террордук топтун мүчөсү жана Пакистан аймагында террордук лагерде даярдыктан өткөн өзбек жараны Тажикстандан кармалганын билдиришкен болчу.

XS
SM
MD
LG