Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Сузактык аялдар Ош-Бишкек жолун тосту


12- июлда Сузак районундагы Сузак айлынын 150- 200дөй тургуну Ош- Бишкек унаа жолунун Жалал-Абад- Сузак айлампасын тосуп, жол боюнда кечке дейре митинг курду. Алар кармалган адамдарды бошотууну талап кылышты.


Колдоруна “Күнөөсүз адамдарды бошоткула!”, Биз тынчтык тарабындабыз!, “ Кыргыз - өзбек тынчтык үчүн!” Бизге тынчтык керек!” деген тасмаларды кармаган аялдар жолду тосуп, өз катарларын буйтап өтүп бараткан автоунаалардын айдоочуларын башка чаап, автоунааларды ургулап- тепкилеп турушту.

Аларга акыйкат сөзүн айтып, тароого чакырган облустун мурдагы казысын да укпай, анын автоунаасынын артынан бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Аларды райондун акими Нурболот Мырзахмедов сыяктуу адамдар аларды жол четине чыгып, сүйлөшүүгө үндөп жатышты.

Жол тоскондордун ичинен өзүн Сулейма деп тааныштырган аял күч уюмдары тарабынан кармалган инисинин бошотулбай жаткандыгына нааразы болду.

Сузак айыл өкмөтүнүн кызматкери Шарипа бир нече күндөн бери айылда тынчтык жок экендигин белгиледи. Анын ырасташынча, шектүү адамдарды кармоо максатында үйлөрдү тинтүү болууда.

Райондун акими Нурболот Мырзахмедов өткөн айдагы окуяларга тиешелүү адам катары Сузак районунан 12 кармалганын билдирди.

Облустук ички иштер башкармасы Сталбек Бакиров өткөн окуяларга байланыштуу 57 адам кармалганын билдирди. Облус комендантынын орунбасары Адылжан Ашуровдун жообуна караганда кармалган адамдарды тергөө ишин Башкы прокуратура тарабынан түзүлгөн тергөө тобу жүргүзүүдө. Анын айтымында, күдүк санаткан адамдар кармалганы менен айыбы жок кишилер бошотулууда. Бирок ким айыпкер экени эки тараптуу жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыгында билинет.

Сузак районундагы “ Давр ( Доор) “ коомунун төрайымы Рано Сатыбалдиеванын изилдөөсүнө караганда, Ош – Бишкек кан жолун тосууну адам өлтүрдү деген шек кармалган эки-үч адамдын туугандары уюштурган. Алар эки улуттун тынчтыгын бузууну көздөшүүдө. Прокуратура, коопсуздук кызматы, милиция эч кимди урган-соккон жок, аны тастыктаган арыз же кайрылуу да болгон жок. Демек, митингчилердин койгон дооматтары негизсиз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG