Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Түштүктөгү баш аламандыкты иликтөөгө мамлекеттик комиссия түзүлдү


Июнь айындагы Ош, Жалал-Абад облусундагы коогалаңдын себептерин иликтегенге мамлекеттик комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Малыматка караганда, мамлекеттик комиссиянын курамы бүгүн жарыяланат.

Буга чейин Хьюмон Райтс Уотч, Европа биримдиги сыяктуу адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар, өлкөдөгү жарандык коомдор Убактылуу өкмөттү түштүктөгү кандуу окуя боюнча тез арада көз карандысыз комиссия түзүүгө чакырып келишкен.
Июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарындагы баш аламандыкта расмий маалымат боюнча 312 адам каза болуп эки миңден ашуун жаракат алып, көптөгөн атуулдар турак жайларынан аажыраган. Президент Роза Отунбаева кайгылуу окуяда каза болгондордун саны расмий маалыматтагыдан кыйла көп экендигин айткан.

Ал эми 7-апрель окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаев башында турган мамлекеттик комиссия алгачкы маалыматын Убактылуу өкмөтткө жолдогону кабарланууда. Элдик ыңкылап учурунда 86 адам каза болуп, эки миңге чукул адам жаракат алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG