Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Иранда аялды ташбараңга алуу өкүмү кийинкиге жылдырылды


Ирандын адилет органдарынын билдирүүсүндө, айыпталуучу Сакинех Мохаммадиге карата жазанын бул түрүн чектөө кийинкиге жылдырылды. Өлкөнүн расмий маалымат агенттиги Ирандын бийликтери муну 43 жаштагы Сакинех Мохаммадиге карата “ырайымдуулук кылуу” деген жүйөө менен байланыштырды. Ошол эле учурда Сакинех Мохаммади учуру келгенде баары бир мындай жазаны тартып калышы да мүмкүн. Иран соту тарабынан эки баланын энеси 43 жаштагы Сакинех Мохаммадини эркек киши менен жакын мамиле күткөнү үчүн ташбаранга алынууга өкүм кылынганы эл аралык коомчулуктун каттуу айыптоосуна кабылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG