Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Угандадагы жардырууда 74 киши набыт болду


Өлкөнүн борбору Кампала шаарында Дүйнөлүк футбол мелдешин көрүүгө чогулгандар турган жерде бомба жарылып, анын кесепетинен 74 киши өлгөнү тастыкталды. Шаардын дагы эки жеринде спорт клубу менен эфиопиалык ресторандын жанындагы жардыруудан жетимиштей киши жарадар болду. Набыт кеткендердин арасында чет элдиктер, анын ичинде АКШнын бир жараны бар экендиги кабарланды. Сомалидеги исламчыл "Ал Шабааб" тобунун маалымат катчысы Мохамед Рейж аталган уюм жардырууларды уюштурганын айтып үн салды. Уганда өз аймагында Африка Кеңешинин Сомалиде бейпилдикти орнотуучу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүн жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG