Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

Күн нурунан кубат алган учак


Кадимки учак эч бир отунсуз абада чексиз учуп жүрө алабы? Күндүзү күндүн нурунан кубат алып, түнү бою учкан учактын жерге ийгиликтүү конушу мына ушул кыялдын аткарылышы үчүн чоң кадам болуп саналат.

Күндүн кубаты менен гана иштей ала турган учакты куруу азырга чейин эч кимдин оюна келбесе керек. Бүгүн бул техникалык жетишкендик, бир жагынан кол чабуу, куттуктоолор менен болсо, экинчи жагынан, ишенбегендик менен коштолуп турду.

Швейцарияда жасалган «Күн импулсу» деген учак күндүз топтогон электрокубаты менен эле түндө учуп жүрдү. 24 сааттан ашуун убакыт асманда болгон учак таң эртелеп өлкөнүн Берн шаарынын жанындагы аба майданга конду. Бул бир адамга гана ылайыкташкан учак.

Топтун жетекчиси Бертранд Пиккард бул жетишкендик жөнүндө айтып жатып: «Эми бизди күнү-түнү учкандан эч нерсе токтото албайт. Тынымсыз учуу мүмкүн эмес деген мифти жокко чыгара алдык», - деди.

Учактын кубаттуулугу азайып, аны тезинен түндө жерге кондуруш керек болуп калышы мүмкүн деп, учкуч Андре Боршберг түнү менен уктабай чыкты.

Пайэрн аба-жайына коңгондон кийин, ал өзүнүн сапары жөнүндө мындай деп айтып берди:

«Бул укмуш-укмуш, эч ким күтпөгөн ийгилик. Биз сапарды мындан ары дагы улантайлы деп ойлогонбуз. Бирок «Жок, аткара турганыбызды жасадык» деп, бизди акыры кондурушту. Мына ошентип кайра кондук. Бирок айтаарым, бардыгы абдан сонун болду.»

Учактын абада көпкө кармалышы анын конструкциясынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу: Швейцариялык учак кадимки автоунаадан чоң эмес, бирок канаттарынын узундугу коммерциялык «Аэробус» учактыгындай. 63 метрлик эки канатынын толук узундугу анын 12 миң күн бөлүкчөлөрүн топтоп, алып жүргөнгө мүмкүндүк берет. Бул бөлүкчөлөр учактын төрт пропеллерине жетишээрлик кубаттуулук бөлүп чыгарып, андан калган энергия түнүндө учканга сарптоо үчүн атайын батарейкаларга сакталып калат.

Бүгүн жерге жарык тийгенде Алп тоолорунун үстүнөн учуп жаткан «Күн Импулсу» асманда кармалып турганы аз келгенсип, анын батарейкаларында мындан үч кошумча саатка жетээрлик кубаты калган болчу. Күн кубаты менен иштеген бул учак азырынча сынак иретинде гана иштеп жатат, жалпы колдонууга бериле элек.

Ошентсе дагы, бул, бир чети, эң чоң жетишкендик. Дагы бир жагынан, күндүн кубатынан күч алып, токтобой учкан бул учак келечекте алыскы аралыктарга ири жүктөрдү ташууга мүмкүндүк берген чоң технологиялык өнүгүш.

Учактын үстүнөн иштеген Швейцариянын командасынын кийинки максаты – 2013-жылы ушул учак менен жер шарын беш этап менен айланып чыгууга жетишүү.

Топтун мүчөлөрү долбоорду өздөрү каржылашкан. Анын жетекчиси Пиккард 1999-жылы биринчи болуп аба шарында жерди айланып чыккан болчу.

Сапардын жетекчиси – Швецариянын биринчи космос унаасынын астронавты Клод Николъе.
XS
SM
MD
LG