Католик чиркөөсү менен испан дипломаттарынын аракеттеринин натыйжасында Кубада түрмөдөн бошотула турган диссиденттердин алгачкы тобу бүгүн Мадридке жетишти. Саясий көзкараштары үчүн 2003-жылы узак мөөнөткө түрмөгө отургузулгандардын ичинен 52 адамды Куба абактан бошото турган болгон.