Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда “Пресс.Kg” гезитинин мурдагы 3-4 журналистинин азыркы “Эркин тоо” гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониевдин үстүнөн жазган доо арызы карлышы күтүлүүдө. Арызда, А.Мониев Бакиевдин учурунда оппозициялык маанайдагы “Пресс.Kg” гезитине жакшы калем акы төлөп берүүгө убада кылып бир катар журналисттерди биргелешип иштөөгө чакырган. Гезиттин ээсимин деген Э.Эргешов менен биргеликте Авдувахаб Мониев журналисттерди иштетип алып, убада кылган калем акыларын төлөбөй койгондугунан улам, журналисттер өздөрүнүн калем акыларын төлөтүп алуу максатында сотко кайрылышканы маалымдалууда.
“Эркин тоо” гезитинин башкы редактору Авдубахаб Мониев болсо Октябрь райондук сотунан чакыруу кагазы келбегенин, бирөөнүн калем акысын жебегенин жана алардын арыздануусунда негиз жоктугун “Азаттыкка” билдирди. (AJ)