Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Норвегия согуш кылмышкери деп шектелген адамды Косового өткөрдү


Еврошериктештиктин расмий өкүлү Норвегия бийлиги 1999-жылы батыш Косоводо карапайым адамдарга каршы кыргын уюштурганы үчүн шектелип жаткан серб улутундагы адамды Косового өткөрүп бергендигин айтты. Ал адам өткөн жылы Норвегияда эл аралык издөөнүн негизинде кармалганын Косоводогу Еврокошундун полициясынын маалымат катчысы Николас Хаутон билдирди. Белгилүү болгондой, 1999-жылкы Балкандагы согушта он миңден ашууна албандарды сербдер кырып салган.

XS
SM
MD
LG