Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Ү.Сыдыков “Жаңы Кыргызстан” партия лидерлигинен кетти


Бул тууралуу партия мүчөсү, мурдагы Адилет министри Марат Кайыпов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Үсөн Сыдыков лидерликтен кетүү боюнча арызын бүгүн жазды.
Аталган партия өкүлдөрүнүн бүгүн маалымат жыйында билдиргени боюнча Ү.Сыдыков ага козголгон кылмыш иши партияга эч кандай тиешеси жоктугун белгилеген. Ал эми жаңы жетекчини партиянын саясий кеңеши чечмекчи.
Экс-президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыков жашыруун телефондук сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккандан кийин өлкөнүн түштүк аймагындагы май айындагы башаламандыкка шектүү деп 14-майда Ноокат районунда кармалып, УКМКнын абагына камалган. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 3-июлда ден соолугуна жана жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу үй камагына чыгарылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG