Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Жаңы өкмөттүн курамы бекитилди


Бүгүн президент Роза Отунбаева жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Бул өкмөт парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт куралганга чейин иштемекчи. Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязовдун "Азаттыкка" бүгүн маалымдоосуна караганда, президент Роза Отунбаева өкмөттүн жаңы курамын тааныштырды.


Жардыкка ылайык Амангелди Муралиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Алмазбек Атамбаев аткарып келген эле.

Андан сырткары өкмөттө үч вице-премьер-министр болот. Алар Александр Костюк, Өктөмхан Абдуллаева жана Жантөрө Сатыбалдиев. Сатыбалдиев вице-премьер-министр даражасында Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектейт.

Амангелди Муралиев
Александр Костюк
Өктөмхан Абдуллаева
Жантөрө Сатыбалдиев












Саламаттык сактоо министрлигине Сабыржан Абдукаримов келди. Буга чейин ал саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери кызматын аркалап келген. Мамашарип Турдукулов айыл чарба министрлигине, Айгүл Рыскулова эмгек жана миграция министрлигине, Садык Шернияз маданият министрлигине, Чоробек Имашев финансы министрлигине келди.

Калган министрлер негизинен ордунда калды. Маселен, өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов, экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев, суу чарба комитетинен төрагасы Баратали Кошматов, билим берүү министри Канат Садыков жана башка министрлер ордуларында калышты.

Саясат таануучу Марс Сариев өкмөттүн курамына карата мындай пикирин билдирди:

- Азыркы өкмөткө дайындалган министрлер, жетекчилер Амангелди Муралиев, Александр Костюк, Өктөмхан Абдуллаева, Жантөрө Сатыбалдиев мурун деле иштеп келишкен. Акаев убагында, Бакиев убагында дагы иштешкен. Булар чын эле кесипкөйлөр. Башкаруучулар. Жакшы иштеп беришет. Бирок бул эми техникалык өкмөт. Булар саясатка кийлигишпейт. Парламенттик шайлоо жыйынтыкталганга чейин иштеп беришет. Менин оюмча, ушул жагын дагы карап, азыркы өкмөткө дайындалышты.

Министрликтер ичинен коргоо министри гана ачык боло элек. Министр Исмаил Исаков эс алууда болгондуктан бул маселе чечилбей турат.

Белгилеп кете турган нерсе өкмөттүн бул курамы парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы боюнча өкмөт куралганга чейин иштейт. Парламенттик шайлоо болсо октябрь айында өтөөрү күтүлүүдө.
Алмазбек Атамбаев

Өмүрбек Текебаев
Темир Сариев
Исмаил Исаков











Парламенттик шайлоого катышуу максатында Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев кызматынан кетишти. Исмаил Исаков дагы парламенттик шайлоого катышуу максатында кызматын таштаарын ачыктаган.

7-апрелдеги окуялардан кийин жоопкерчиликти мойнуна алган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү декрет чыгаруу укугуна ээ бойдон калыш керектигин президенттик администрациянын жетекчиси Эмилбек Каптагаев кечээ күнү билдирген. Бирок бул маселеде азырынча бир жактуу чечим кабыл алына элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG