Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:01

ЕврАзЭШтин Башкы катчысы Р.Отунбаеваны куттуктады


Евразия Экономикалык Шериктештигинин (ЕврАзЭШ) башкы катчысы Таир Мансуров Роза Отунбаеваны президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады. Ал өзүнүн куттуктоосунда Кыргызстан элинин бул тандоосу өлкөдөгү тартипти жана мыйзамдуулуктун орношуна өбөлгө болуп, экономикалык жактан өнүгүүгө шарт түзөөрүнө ишенерин белгилеген.

Ушундай эле куттуктоону Корея Республикасынын Президенти Ли Мен Бак да жөнөтүп, эки өлкө ортосундагы мындан аркы кызматташуу саясат, экономика жана маданият тармагында кеңейишине ишенерин айткан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG