Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Кыргызстанда “Кадыр түн” фестивалы болот


Ушул тапта 16-17-июлда боло турган ыр фестиваланына тандоо жүрүп жатат. Ага 15 жаштан 35 жашка чейинки Кыргызстандын бардык аймактарынан талантуу адамдар катыша алышмакчы. Фестивалда катышуучулар кыргыз фольклору жана эстрада жанры боюнча күч сынашат. Бул иш-чара Маданият министрлиги жана Ысык-Көл облустук администрация тарабынан уюштурулууда. Ага Казакстан, Азербайжан, Орусиядан коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. “Кадыр түн” фестивалы эки жылдан бери уюштурулбай калган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG