Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Жалал-Абад шаарынан соңку учурда 125 киши көчүп кетти


Бүгүн маалымат жыйынын курган шаардын мэри Максат Жээнбеков кыска убакыт аралыгында Жалал-Абад шаарынан 125 киши Бишкек, Казакстан, Россияга кетүү үчүн паспорт каттамынан чыкканын билдирди. Анын айтымында, эл арасында айтылган ар түрдүү чагым сөздөр аныкталган жок, шаарда кырдаал тынч. Өткөн айлардагы тополоңдордо облус борборунда 192 жеке менчик үй- жай жана мамлекеттик имараттар өрттөлгөн.

Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өкүлдөрү жабыр тарткан үйлөрдүн 15-40-50 пайызга дейре өрттөнгөнүн ырастоодо. Турак-жайы талкаланган жарандардын 15 пайызы жер берилсе, башка жакка көчүүгө макул.

Пайдубалы курулган бойдон бүтпөй калган беш үйдүн курулушун улантуу маселеси каралууда. Баш аламандыктар башталганга чейин шаар мэриясына турак-жай курууга жер сурап, 3792 адам катталган. Эс алууга Ысык-Көлгө жана Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасындагы лагерге жөнөтүлгөн балдардын тең жарымынын чыгымынын өкмөт менен Жалал-Абад шаар мэриясы каржылады. (YA)

XS
SM
MD
LG