Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Казак-кыргыз чек арасындагы атышуулардын чоо жайы иликтенүүдө


Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ильяз Субанкулов “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мындай маалымат аларга да түшкөнүн, бул аймактарда атышуу болгон-болбогону такталарын кабарлады.

Интерфакс-Казакстан агенттиги 13-июлда саат 16.00 менен 17.00дүн ортосунда кыргыз-казак чек арасынын «Саты» чек ара постунда Кыргызстандын жарандарынын мыйзам бузуу менен тоо этектери аркылуу жылкыларды айдап жаткандыгы маалым болуп, аларды токтотууда каршылык көрсөтүштү деген маалымат таратты.

Маалыматка караганда, Казакстандын Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Амангельди Абылканов Кыргызстандын жарандары куралчан болгондугун жана аларды токтотуп документтерин текшерүү учурунда каршылык көрсөтүп, чек арачыларга биринчи ок атканын билдирген. Андан Кыргызстандын эки жараны каза болуп, казакстандык бир чек арачы катуу жаракат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG