Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

HRW: "Кыргызстанда өзбектерди туш келди камап, кыйноолорго алышууда"


“Кыргызстандын түштүгүндө укук коргоо органдары адамдарды туш келди кыйноолорго алып, камаганды улантышууда. Мындай көрүнүштөр тез арада токтотулбаса, улуттар аралык кагылышуулардын кайталанышына алып келиши мүмкүн”, - деп эскертти эларалык Human Rights Watch уюму. Уюм бүгүнкү баяндамасында мына ушул өңдүү окуяларга кабылгандардын басымдуу бөлүгүн өзбек улутундагылар түзөт деп билдирди. Баяндамага ылайык, укук коргоочулар өзбек улутундагы адамдын түрмөдөгү кыйноолордон кийинки өлүмүн жана ондогон башка өзбектердин түрдүү ур-токмокко алынганын каттай алышкан. Бул тыянакка Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев каршы экенин айтты. “Укук коргоо органдары менен сүйлөшпөй туруп, мындай тыянак чыгарганга болбойт”, - деп эсептейт ал. Өткөн айдагы коогалаңда кеминде 275 адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG