Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

“Эркин тоо” гезитинин башкы редактору А.Мониев эки жолу сотко келбей койду



Бул тууралуу анын үстүнөн доо арыз менен сотко кайрылган журналист Үсөн Касыбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, соттун экинчи отурумуна жоопкер катары “Пресс.kg” гезитинин ээси Эркин Эргешбаев жана гезиттин ошол кездеги редактору, азыркы өкмөттүк “Эркин тоо” гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониев өтүүдө. 14-июлда Октябрь райондук сотуна А.Мониев экинчи ирет келбей койгон. Соттук ишти карап жаткан Гүлайым Эркебаева “Пресс.kg” гезитинин ээси Эргешбаевден Мониев эмне үчүн келбей жатканын сураганда, ал А.Мониев менен сүйлөшкөнүн, соттун болуп жаткандыгынан толук кабардар экендигин айткан. Судья Г.Эркебаева эгер А.Мониев сотко дагы келбей, катышуудан баш тарта турган болсо, аны күч менен алып келүүгө аргасыз болоорун Эргешбаевге эскерткен. Сот отурумунда гезит ээси Э.Эргешбаев журналисттерге айлык-акы төлөнбөй келгендигин мойнуна алып, негизги келишим боюнча мунун баары редактордун мойнуна жүктөлгөндүгүн билдирип, Мониев менен сүйлөшүп кандай болгон күндө дагы, гезиттин ээси катары айлыктарын төлөп берүүгө убада кылды.

Буга чейин Бакиевдин мезгилинде оппозициялык маанайдагы түзүлгөн “Пресс.kg” гезитинин мурдагы редактору А.Мониев журналисттер Үсөн Касыбековду, Назира Салиеваны, Заирбек Бактыбаевди, Асылкан Шайназарованы жакшы калем акы төлөп берүүгө убада кылып ишетип, жыйынтыгында эмгек акыларын төлөбөй койгондугу маалымдалган.

Ал эми А.Мониев болсо алардын калем акыларын жебегендигин, Октябрь райсотунан чакыруу кагазын албагандыгын “Азаттыкка” билдирген болчу.
Бул маселе боюнча сот отуруму 22-июлда улантыла турган болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG