Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Тышкы иштер министри Р.Казакбаев жетектеген топ Казакстанга барат


16-17- июлда Алматыда ЕККУга төрагалык кылган Казакстандын демилгеси менен ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин бейрасмий жыйыны өтөт. Ага катышуучу Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жетектеп барат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул жыйынга кыргыз делегациясынын катышуусу өлкөдөгү ички саясий кырдаал, референдумдун өтүшү, турукташтыруу, гуманитардык жардамга муктаждыктар тууралуу өнөктөш мамлекеттерге маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG