Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

АКШдан дагы бир жогорку даражалуу өкүл келет


Келерки аптада Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Жеймс Стайнберг келет. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол кечээ Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга Жеймс Стайнберг АКШнын төртүнчү жолку келген жогорку даражалуу өкүлү болуп калат. Ал ошондой эле түштүккө 50 адамдан турган ЕККУнун полиция күчү киргизилсе, алар кыргыз милициясы менен биргеликте иш алып барышарын белгиледи.

Кыргызстандагы айрым талдоочулар болсо Ош, Жалал-Абадга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылдыгы жоктугун, ички маселени Кыргызстандын укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде өздөрү чечиши керектигин айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG