Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

М.Макфол: Кыргызстандын түштүгүнө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү зарыл


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол Кыргызстандын түштүгүндө өткөн кайгылуу окуялар кылдат иликтениши керектигин айтып, жагдайды жөнгө салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эл аралык полиция күчтөрү киргизилиш зарыл деп эсептейт.
Ал ошондой эле кыргыз өкмөтү Ош менен Жалал-Абадга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы эместигин маалымдады.
Кечээ М.Макфол президент Роза Отунбаева жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушкан.
Маалыматка караганда, Эларалык полиция күчтөрүн жөнөтүүнүн эреже-тартиби эмдиги жумада Казакстандын башкалаасы Астанада өтчү Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин бейрасмий жыйынында талкууланышы күтүлүүдө.
“Алфа-антитеррор” корунун президенти Артур Медетбеков болсо түштүккө ЕККУнун полициясын киргизүүнүн зарылдыгы жоктугун, алар келсе, “тилмеч, ар биринин коопсуздугун камсыз кылуу” сыяктуу кошумча убаракерчилик жаралып, жергиликтүү элдин нааразылыгын да жаратышы мүмкүн экендигин билдирди. Анын айтымында, түштүктөгү окуя боюнча тергеп-иликтөө иштерине Кыргызстандын укук коргоо органынын кызматкерлеринин билими, тажрыйбасы дагы жетиштүү. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG