Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Хьюман Райтс Уотч Кыргызсандын түштүгүндөгү окуяларга тынчсызданат


Адам укуктарын коргоочу Human Rights Watch эл аралык уюму июнь окуясынан кийин түштүктө укук коргоо органдары өзбек этносундагы атуулдарды каалагандай кармап, кыйноолорго алып жатканы кырдаалды курчутат деген тынчсыздануусун билдирди. Алар чукул арада Кыргызстандын түштүк аймагына эл аралык полиция күчтөрүн киргизип, эл аралык иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.
Human Rights Watch эл аралык уюму түштүк окуясы боюнча шектүү деп кармалган өзбек этносундагы атуулдар ар кандай кыйноолорго, зомбулукка дуушар болгонун айтып чыгышты.
Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынан төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев болсо Эл аралык уюмдар Кыргызстандын түштүгүндөгү окуя боюнча дыкат иликтебей бир жактуу маалымат кетирип жатышканын, алардын мындай аракети кандайдыр бир ызы-чуу кылуу максатын көздөөрүн билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG