Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Газага барчу гуманитардык жүк тарткан кеме Египетте токтоду


Египеттин расмий өкүлүнүн айтуусунда, Ливиядан гуманитардык жүк алган молдован желеги менен сүзүп жүргөн "Амалфея" кемеси көздөгөн жерине жетпей Газа тилкеси менен чектеш аймактан 45 чакырым алыс жайгашкан Египеттин Ал-Ариш портуна келип токтогондугун ырастап, кечке жуук кемедеги жүк түшүрүлө баштаарын айтты. Ливиянын «Кадафи эл аралык кайрымдуулук» жана өнүктүрүү корлору жиберген гуманитардык көмөктү жүктөгөн кеме Газадагы жардамга муктаждарга жетпей калды. Эки миң тоннадан ашуун тамак-аш жана медициналык дары-дармек , 15 палестинчил активистер жана 12 мүчөсү бар кемени Израилдин төрт аскерий кемеси ээрчип көзөмөлдөп келген. Израил Газа тилкесине кирчү жүккө үч жылдан бери блокада коюп, буйрукка баш ийбегендерди күч менен токтотуп тинтүүгө алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG