Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Кечээ Бишкекте Жалал-Абаддык кылмышка шектүү үч адам кармалды


Бишкектен Орусияга кетип жаткан жеринен Жалал-Абаддык өзбек этносундагы үч жаран кармалды. Алар Жалал-Абад шаарынын четинде милициянын ардагерин өлтүргөн делип шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, июнь айында Жалал-Абаддагы баш аламандыкта белгисиз жоголгон беш адам изделип жаткан. Тартип коргоо кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында бир адамдын сөөгү табылып, ал милициянын ардагеринин сөөгү экенин, анын жакындары бут кийиминен тааныган.
Июнь коогалаңында Жалал-Абад облусу боюнча 50дөн ашуун адам каза болуп,700гө чукул адам жаракат алган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG