Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Казакстандын өкмөттүк делегациясы Ошто жүрөт


Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Умурзак Шукеев жетектеген өкмөттүк делегация учурда Ош шаарындагы баш аламандыкта күйүп-талкаланган имарат, турак-жайларды кыдырып көрүп жүрүшөт. Аларды вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрөт. Коноктор туштөн кийин Бишкекке кайта тургандыгы кабарланууда.

Кечээ Казакстандын делегациясын президент Роза Отунбаева кабыл алып, анда экономикалык көмөк көрсөтүү, учурда Кыргызстанга жардам көрсөтүүнүн тармагы катары Ош шаарынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын калыбына келтирүү маселелери талкууланган эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG