Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Ысык-Көлдө эс алуу баасы арзандады


Ысык-Көл райондук салык башчысы Нурмат Шамбетов учурда пансионаттарга 12% гана эс алуучу келгенин маалымдады. Мындай тенденция салыктын да 3 эсеге аз чогулушун шарттайт. Жеке секторду кошпогондо жайдын башталышы менен 6 миңдей эс алуучу катталды. 6 эс алуу жайы быйылкы сезонго иштөөдөн баш тартты. Жеке секторлор 5% да толо элек. Эс алучулардын дээрлиги ишемби, жекшемби күндөрү гана Кыргызстандын аймагынан келип атат. Ошондуктан айрым пансионаттар төлөм акыларын 50%арзандатты.Тамчы аймагында пансионаттар 20 долларга, жеке сектор 500 сомго , Чолпон-Атада 8-10долларга, Корумду жак 25 долларга арзандады. Бирок Бишкек - Чолпон-Ата жол акысы 500-600сомго чыкты.

Туристтерди көлгө тартуу үчүн 16-июль күнү Чолпон-Атада «Кадыр түн» эл аралык фестивалы башталат.(RB)

XS
SM
MD
LG