Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Техникалык өкмөт үч айлык план иштеп чыгууну ниеттенүүдө


Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев Кыргызстандын экономикалык абалына баа берүүчү эл аралык донорлор миссиясы менен болгон жолугушууда билдирди.

А.Муралиев биргелешкен донордук миссиянын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы чыгымдарды аныктоо боюнча иштелип чыккан матрицасы үчүн ыраазылык сөзүн айтты.

«Техникалык өкмөт азыркы абалда жоопкерчиликти сезип, оор учурда экономиканын өнүгүшү боюнча милдетти мойнуна алат. Алдыга коюлган милдеттерди так аткаруу үчүн негизги проблемалар камтылган үч айлык план иштеп чыгуу ниетиндебиз,”- деди А. Муралиев.

Донордук миссиянын өкүлдөрү жардам көрсөтүү үчүн экономиканын маанилүү тармактарын белгилеп алгандыктарын билдиришти. Алардын бирдиктүү экономикалык баа берүү боюнча баяндамасы Бишкекте 27-июлда өтчү жыйында жарыяланат. Бул туурасында Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG