Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Түштүктөгү окуяларды Эл аралык көз карандысыз комиссия иликтейт


Аталган комиссияны Борбор Азия боюнча ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын атайы өкүлү Киммо Кильюнен жетектейт.
Түштүктөгү окуялардан кийин скандинавиялык өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери Ош, Жалал-Абад окуяларынын чыгуу себептерин иликтей турган комиссия түзүү демилгесин көтөрүшкөн. Бул маселе жакынкы күндөрү президент Роза Отунбаева менен Киммо Кильюнендин жолугушуусу учурунда көтөрүлгөн.

Роза Отунбаева скандинавиялык өлкөлөрдүн сунушун кабыл алып, Эл аралык көз карандысыз комиссия менен Кыргызстанда жакында түзүлгөн Улуттук комиссиянын биргелешип иштөө зарылчылыгы бар экенин белгилеген. Бул туурасында Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG