Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Кечээги шайлоонун сабактары, келаткан шайлоонун үмүттөрү


Кыргызстанда үйбүлөлүк башкаруу элдин көңүлүнө көк талкандай тийди

Кыргызстанда үйбүлөлүк башкаруу элдин көңүлүнө көк талкандай тийди

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүндө коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев менен "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов мурдакы бурмаланган шайлоолор, бүгүнкү таза шайлоо өткөрүү аракеттери жөнүндө талкуулашты.


Исхак Масалиев
Өмүрбек Абдырахманов
















Шайлоолор бурмаланган деген билдирүүлөрдүн чын-бышыгы барбы?


“Азаттык”:
Исхак мырза, алдыдагы парламенттик шайлоого Коммунисттер партиясы катышабы?

Исхак Масалиев:
Албетте, катышабыз биз даярданып атабыз, убактылуу өкмөт болобу же президентпи шайлоого старт бергенден баштап шайлоо расмий түрдө башталат. Ал эми азыркы күндө биз жер жерлердеги партиялык уюмдардын санын карап өзүбүздүн уюштуруу иштерди жүргүзүп атабыз.

“Азаттык”:
Өмүрбек мырза, Текебаев айтты шайлоо кодексине парламенттик шайлоого чейин өзгөртүүлөр киргизилет деп. Кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатат, жанагы беш пайыздык өткөөл чек калып атабы, региондордогу 0,5 пайыздык чек калып атабы же алынып атабы?

Өмүрбек Абдырахманов:
Жакында эле бүт партияларды чакырып кырктай партия катышып, ошолор ушул темада бир топ сөз кылышкан. Исхак дагы катышса керек эле. Мен так жооп бере албайм, бирок ошондо болгон гана сунуштарды айткым келет. Мурдагы парламенттин саны 90 болчу, азыр Конституцияда 120 болгон үчүн ал Кодекске киргизилиш керек. Андан тышкары партялардын фонду жөнүндө сөз болгон. Көпчүлүк партиялар 100 миллион сом көптүк кылат, азыр жаш жаңы түзүлгөн партиялар бар ошондуктан 50 миллион кылып калтыралы деген сунуштар болгон. Андан тышкары шайлоочулардын шайлоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө дагы сөздөр болгон, анткени ички миграциянын эсебинен Чүйдө, шаардын тегерегинде абдан көп адамдар пропискасы жок жашап атат. Ошол адамдар жергиликтүү бийликтин справкасынын негизиндеби, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериш керек деген сунуштар болгон. Менин оюмча ошол сунуштардын бардыгын эске алып, азыр жаңы кодекстин проекти президентке кол коюуга берилди, эгер кол коюлса, ушул боюнча жакшы өзгөрүүлөр кабыл алынат болуш керек.

“Азаттык”: 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо коммунисттер партиясы шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча үч пайызга жакын добуш алды деп чыкты эле. Андан кийин орун бөлүштүрө келгенде сиздер 8 орунга ээ болдуңуздар. Ушундан уламбы Өмүрбек Абдырахманов Коммунисттер партиясы сиз Бакиевдер менен кландык байланышта болуп, ошон үчүн жең ичинен соодалашып, сегиз орунду ээлеп алды деп ачык кат жазган болчу. Мунун чындыгы барбы? Эмки парламенттик шайлоодо Коммунисттер партиясы канча орунду алат деп турасыздар?

Исхак Масалиев:
Биринчиден, Өмүрбек Абдырахмановичтин минтип пикирин айтканга укугу бар. Ал эми шайлоонун жыйынтыгында кечинде бардыгыңыздар күбө болгонсуздар, кандай эсеп, кандай бурмалоо болгон. Биз деле бекер отурган жокпуз, жер-жерлерден протоколдорду бергенде ушул бурмалоо процессинде болгондор такталып, 135 миң санына чыгарылган болчу. Ошондой эле жалгыз гана биздин партия эмес СДПК, "Ак Жол", "Ата Мекен" партиялар боюнча биринчи күндөн баштап бурмалоо болгон, ага жок деп айта албайм. Бирок биз далилдеп аныктап бергенден кийин, биздики 5 пайызга жеткен. Ал эми башкача болдубу, кандай болгонун айтканга укугу бар, бирок негиз жок болуп атат.
Мен өмүр бою чындыкты айтканга аракет кылам. Москвага бардым, ал жерден жолукчу кишилер менен жолуктум, өзүбүздүн партиялаш кишилер менен жолугуп сүйлөштүм.

Айрыкча, дайыма айтып атышат бул парламент легитимдүү эмес, ушундай шайланган деп. Мен айтып кетейин, эгер легитимдүү болбосо анда Европа коомчулугу парламент менен кызматташпайт болчу. Ал мезгилде бизде мындай болгон, башкарган президенттин партиясы, "Ата Мекен" партиясы оппозиция болчу. Бүгүнкү күндө "Ата Мекен" башка партиянын катарында бийликте турат. Эми Кыргызстанда болгон акыбалга сөзсүз толугу менен жооп бериш керек.

Адам качан бийликке келген сайын анын жаман көргөн күчтөрү күндөн күнгө көбөйөт. Мурдагыдай 400 миң, 500 миң алат деген ойлордон этият болуш керек. Эч ким азыр убада бере албайт. Бизге үмүт берген эмне негиз болуп турат, бул шайлоодо эгерде убактылуу өкмөт чынында айтылган сөзүндө турса, анда бул шайлоодо ар бир жаран каалаган партияга добуш берет, ошондуктан мен ишенем бул шайлоо таза болот. Ал эми канча пайыз ала алабыз, мен айтып кетет элем, прогнозубуз боюнча беш пайыздан сөзсүз ашабыз.

“Азаттык”:
Өмүрбек мырза, эмне үчүн сиз Исхак мырза Бакиевдер менен кландык байланышта деп ачык кат жаздыңыз эле?

Өмүрбек Абдырахманов:
Кеп азыр Коммунисттик партиянын өткөн-өтпөгөнүндө эмес, ошол Бакиевдин убагында таза шайлоо болдубу, болгон жокпу, кеп ошондо. Мына өзүңөр билесиңер, БШКнын бардык мүчөлөрү президент аркылуу өз кишилер коюлган. Башка айылдарда, жерлерде бардыгы бийликтин кишилери башкарып, биздин оппозициялык маанайдагы кишилерди кошпой койгон, кеп ошондо. Андан кийин кимисине көп берип койду, кимисине бербей койду, бул экинчи маселе.

“Азаттык”: Тилекке каршы, референдумдан кийин эле "Ата Журт" партиясы референдумда добуш берүү фальсивикация менен өттү деп билдирди. Ушул жагдайдан алып караганда, "Ата Мекен" партиясы, андан башка партиялар дагы парламенттик шайлоодо бурмалоолорго барат деп билдирип жатышат. Ушул жагдайдан алып караганда, "Ата Мекен" партиясынын жеңиши турулуу ишпи?

Өмүрбек Абдырахманов:
Мен тактап коеюн, "Ата Мекен" партиясы биринчиден бийликтин партиясы эмес. Мына бүгүн Текебаев маалымат жыйын өткөрүп бийликтен кеттим деди, азыр катардагы эле партия. Жанагы "Ата Журт" администрациялык күч колдонулуп жасалды деп айтса, анда кыргыз эли жооп бериш керек шайлоодо кантип администрация кылганын. Менин оюмча администрациялык ресурс колдонулган жок. Элдердин күргүштөп өздөрү кезекке туруп келип атканын бардык жерде көрдүк. Ошондуктан менин оюмча мындай жалган нерселерди айта берген бул туура эмес.

“Азаттык”: "
Ата Журт" партиясы билдирүүсүндө айтты, бийликте турган партиянын жетекчилери андай көрсөтмө бербесе дагы аларга жагынуу үчүн жергиликтүү өкүлдөрү ошондой иштерге барды деп. Текебаев кызматтан кеткенден кийин эле административдик ресурс колдонулбай калат, жергиликтүү өкүлдөр ага барбайт деген ишенимдесизби?

Өмүрбек Абдырахманов:
Менин оюмча, азыр БШКда убактылуу өкмөттүн бир дагы кишиси жок, өзүңөр билесиңер партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бар. Анын төрагасын дагы убактылуу өкмөт шайлаган жок. Биз мындай бир цивилизациялык жолду тандап алсак, эгер туура иштесе убактылуу өкмөт болобу башкасы болобу биз аны колдосок. Ал эми туура эмес иш жазаса, убактылуу өкмөт, Отунбаева же Текебаев болобу, бардыгын көзгө айтып турса.

Исхак Масалиевдин Жогорку Кеңешти чогултуу максаты эмне эле?

“Азаттык”: Исхак мырза, май айында Жогорку Кеңештеги "Ак жол" жана Коммунисттер фракциясынын депутаттары чогулуп сизди төрага деп жарыялашты эле. Ошондон кийин Жогорку Кеңеш 20-майда ишин кайра улантат деп билдиргенсиз, эмнеге негизденип билдирдиңиз эле?

Себеби кандуу окуянын негизи бийлик үчүн күрөш талаш болуп атат, сөзсүз саясий күчтөр аралашкан. Ошондуктан депутаттар туура кылып атышты, жыйынтыгында мени түрмөгө камап коюшту.
Исхак Масалиев
Исхак Масалиев:
Эмнеге? Биринчиден, мен айтып кетейин, 19-апрелде биз Жогорку Кеңештин жыйналышын "Ак Кеме" мейманканасында өткөрдүк. Ошол жерде эки маселе койдук, биринчи Жогорку Кеңештин ишин улантуу боюнча, экинчи - жетекчилерди кайра шайлоо, үчүнчү - убактылуу өкмөттүн статусу жөнүндө. Курманов Зайнидин Карыпбекович катышпагандыгы үчүн 30 депутат катышып, 19 ишеним кат менен добуш берип, көпчүлүк бир топ чечимдерди кабыл алдык ошондо мени төрага катары шайлаган. Ошол эле күнү биз токтом кабыл алдык. Ал жерде убактылуу өкмөт эң бийик аткаруу бийликтин органы болсун деп таптык. Чечимди биз Роза Исаковнага жөнөткөнбүз, биз ошол сунушту бердик. Бүгүнкү күнгө чейин айтып кетели, эгерде биздин айткан жол менен барса легитимизацияны Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүп койсо, мен ойлоп атам 100 пайыз дебесем да, 60-70 пайыз проблемалар жок болот эле.

“Азаттык”:
Жеңилирээк болмок да?

Исхак Масалиев:
Болбойт эле, балким, жанагы кандуу окуя деле. Себеби кандуу окуянын негизи бийлик үчүн күрөш талаш болуп атат, сөзсүз саясий күчтөр аралашкан. Ошондуктан депутаттар туура кылып атышты, жыйынтыгында мени түрмөгө камап коюшту.



“Азаттык”:
Сиз ошол май айында Москвага барбадыңыз беле. Ошол Москвага барган учурда Клара Кабилованын тааныштары аркылуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анан ал адамдар сиздин Жогорку Кеңештин спикери болушуңузду колдоп, Нариман Түлеевдин премьер-министрликке көрсөтүлүшүн дагы колдоп, сиз Москвадан ары Минскиге барып Курманбек Бакиев менен да жолугушту деген да маалыматтар пайда болду эле, ошонун чындыгы барбы?

Исхак Масалиев: Кыскача айтып жооп берейин. Мисалы адам кетип баратканда дубалдын үстүндө жаман сөздөр жазылган экен, кээ бир балдар жазат, ал сөзсүз ошондой болбойт да. Ал эми Минскини каяктагы бир оорулуу журналисттер жазыптыр, каяктагы Минскиге? Мен өмүр бою чындыкты айтканга аракет кылам. Москвага бардым, ал жерден жолукчу кишилер менен жолуктум, өзүбүздүн партиялаш кишилер менен жолугуп сүйлөштүм. Жашыра турган эч нерсе жок, эгерде маалымат планында же кандайдыр бир учурда бизге, шайлоого жардам керек деген маселе коюлган, аны жок деп айта албайм.

“Азаттык”:
Демек, Үсөн Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшүүңүздөн кийин бийликти күч менен тартып алуу максаты болгонбу?

Исхак Масалиев:
Ал жерде бир гана Бишкекте болгон митинг жөнүндө сөз болуп атат. Бир гана сөз: "Уктуңбу?" Уктум, балдар Ошко кетип баратат, мен да кетип баратам, даяр болуп тур" Ушул төрт сөз кылмышпы?

“Азаттык”:
Демек, муну саясий куугунтук деп ойлойсузбу?

Исхак Масалиев:
Түптүз саясий куугунтук, бул мага байланышкан эмес. Кээ бирлер айтып атат, сен фигура болуп туруп, коркунуч болуп атат деп. Жок андай эмес. Себеби ошол күндөрү элүүгө жакын депутаттар топтолуп аткан. Эгерде Кыргызстанда кичине акыбал өзгөрүлүп кеткенде, анда депутаттар сөзсүз Жогорку Кеңешке чыгып иштеп кетет эле. Ушул нерсени айрым убактылуу өкмөттүн кеңешчилери, акылдуулар бар да, Масалиевди камап койсок, депутаттар тырпырап качып кетет деп ойлошту, ошондой болду да. Мени камагандан кийин депутаттар топтолбой калды.

“Азаттык”:
Ниетиңер жакшы эле беле?

Исхак Масалиев:
Менин ниетим ачык эле болгон, Роза Исаковнага кагаз түрүндө бергем, гезитке чыгарып алгам. Расмий түрдө берилген эч кандай жашыруун иштерге мен барган жокмун, бара албайм. Менин өзүмдүн мүнөзүм бар, ачык айтканды жакшы көрөм, ошондуктан таң калып атам болбогон нерсеге.

12-майдагы эски өкмөт аянтындагы митинг
Экинчиден, сиз айтып атасыз, Минскиге барып митингти уюштурган, андай-мындай деп. Анда эмнеге мени камап туруп, 15 сутка кармап, кылмыш иш кыскарбай атат. Ал эми ошол митингти уюштурган, ак үйгө кирген адамдардын бирөөнү да жоопко тартпай атат? Муну кандай түшүнсө болот, бул жерде маселе бар. Ошондуктан кайсы бир топ ушул күчкө барса, ага баа бериш керек сөзсүз.

Бирок түрмөгө камап, Акаев менен Бакиевдин мезгилинде сындаган сапаттарды кайра алып келсек, анда өкмөттүн атын өзгөртүп коюш керек.

Референдумду айтып кетейин, мен алыска барбайм, эки факт. Менин айылымда жана кошуна айылда 27, 25 пайыз болду. Жанындагы айылда 77 пайыз. Эми муну кандай түшүнсө болот. Түшүнүктүү го, аны сөзсүз эле Текебаев же Отунбаева мындай кылгыла деп айткан эмес, ага макулмун, биздин чиновниктер үйрөнүп калыптыр. Уят болот, жок дегенде 60 пайыз кылышыбыз керек деп айтпаса да аракет жасап атат. Бул канында сиңип калган. Мен ойлоп атам, бул дагы кичине ойноп кетет.

“Азаттык”:
Ушундай бурмалоого жол бербеш үчүн кандай аракеттерди кылуу керек?

Исхак Масалиев:
Булар жол берип кыла албайт.

Өмүрбек Абдырахманов:
Мен бул жерден кошулам жер-жерлерде болушу ыктымал. Бизде, деги эле Кыргызстанда совет өкмөтүнөн баштап эч качан таза шайлоо болгон эмес. Жер жерлердеги чиновниктерди, мугалимдерди, бардыгын ушундай жалганчылыкка үйрөтүп койгон. Мына ушундан баш тартышыбыз керек. Андан баш тарта турган бир гана маселеси бар, азыр партиялардын конкуренциясы. Мына коммунисттерден, "Ата Мекен" жана башкалардан отурат, мына ошолор гана бири-бирин контроль кылып, таза шайлоо болушу мүмкүн.

“Азаттык”:
Бирок Өмүрбек мырза, Кыргызстанда азыркы расмий эсеп боюнча саясий партиялардын саны 140 ка жакындап калды. Дүйнөлүк практикада саясий партиялар негизинен жети багытта иш алып барышат. Ал эми Кыргызстанда турган азыр бийликте турган партиялардын үчөө тең социалдык багыттагы партиялар. Эгер ушул үч партия өкмөттү түзө турган болсо, атаандаштык жок болуп өнүгүүгө кесепетин тийгизбейби?

Бизде, деги эле Кыргызстанда совет өкмөтүнөн баштап эч качан таза шайлоо болгон эмес. Жер жерлердеги чиновниктерди, мугалимдерди, бардыгын ушундай жалганчылыкка үйрөтүп койгон.
Ө. Абдырахманов
Өмүрбек Абдырахманов:
Эми биз эртерээк айта албайбыз кайсы партия келерин. Мына ар бир партия ат салышып, биз утуп чыгабыз дейт. Менин оюмча жыйырмадай партия чыгыш керек. Калгандары жөн эле кагаздагы же саясий упай топтойбуз деген партиялар болсо керек деп ойлойм. Үч партияны тең эле бир багыттагы деп айта албайбыз. Анткени социалдык багытта болушка бизди милдеттендирип атат коомдук өнүгүшүбүз. Бирок алардын жетүү жолдору, экономикалык долбоорлору, экономикалык программасы да өзгөчөрөөк болот. Ошолорго карап туруп, эл добуш бериш керек.

Кечээги саясий жүзүңүзгө бүгүн бетиңиз чымырайбы?


“Азаттык”:
Исхак мырза, сиз Бакиевдин убагында митингдерди, жөө жүрүш, демонстрацияларды өткөрүүгө чектөө салуу жөнүндөгү мыйзамдын демилгечиси болгонсуз. Азыр ошол мыйзам боюнча биздин бир теле көрүүчүбүз сизге суроо узатты эле, көрүп алып жообуңуздү уксак.

Телекөрүүчүнүн суроосу: Исхак Абсаматович сиз митингдерди жөө жүрүштөрдү чектөө боюнча мыйзам кабыл алуунун демилгечилеринин бири элеңиз. Ошого өз ыктыярыңыз менен бардыңызбы же Бакиевдин заказы боюнча бардыңызбы?

“Азаттык”: Менин кошумчалай турган суроом бар, мына ушул жобо Конституцияга киргизилбеди беле, эми ошондой демилге көтөргөнүңүзгө өкүнбөйсүзбү?

Исхак Масалиев: Жок өкүнбөйм, себеби коомдо ошондой чектөө болуш керек. Көп учурда мыйзамды сындаган адамдар 90 пайыз мазмуну менен тааныш эмес. Ал жерде так жазылып турат: бир гана учурда тыюу салынат, соттун чечими менен, соттун гана укугу бар.

“Азаттык”: Кыргызстанда соттор азыр көз каранды эмес экени белгилүү го?

Исхак Масалиев: Ал эми башка кеп. Ошол эле сот Масалиев Исхакты 15 суткага камалсын деп 52 сааттан кийин карап атат. Мен түшүнүп турам, ошондуктан бул башка кеп. Мен максатым чын эле ошондой тартипке чакырыш болчу. Кандай болсо дагы убактылуу өкмөттүн акыркы бир жарым айдагы аянтты төрт жактан темир менен тосуп алганы бул жана сиз айткан принципти колдоо эмес болуп атат. Бул дагы маселе болуп турат, эмне үчүн темир менен тосуп жалаң кызматтык машина кирет, калгандарына мүмкүн эмес. Бул эмне эркиндикпи? Аянттын тегерегинде менин досторум жашайт, ызы-чуу митинг болгондо алардын короосу таштандыга толуп калат. Алар капа болуп атышат.

Өмүрбек Абдырахманов: Исхак мырза бир аз эки башкача сүйлөп атат. Анткени азыркы сүйлөгөндөрү, бул кишинин укугун чектеп, камап, тигинтип-минткени- абдан туура. Ошол эле убакта бул киши депутат болуп турганда, канча ондогон адамдарды эч күнөөсүз камап, мына мен өзүм да камалып чыккам. Ошондо коммунисттердин үнү катуу катуу чыгып турса биз ыраазы болоор элек. Азыр да митинг жөнүндө бул киши чет мамлекеттерде да ошондой дейт. Жанагы өнүккөн капиталисттик мамлекеттерде, Европада, Америкада ошондой.

Эгер ошол колоннадагы адамдар бир тартипти бузуп, хулигандык кылып же бирөөнүн короосуна кирип жанагындай булгаса, ошол кишилерди гана камайт. Ал эми калган түз жүргөн адамдар үчүн жолду бошотуп, транспортту башка жакка жиберип, ошолорго кам көрөт. Убактылуу өкмөт жанагы Жогорку Кеңештин астын мүмкүн тосуп койгондур, тосулуп турат. Бирок митингди кечке жасай бергенге эч чектөө жок. Ошондуктан биз азыр жакшы нерсени жакшы дешибиз керек, жаман нерсени жаман дешибиз керек. Анан жөн эле сын деп эле айта берсек, андан Кыргызстаныбыз демократиялык жол менен өнүкпөй калат.

Исхак Масалиев: Шаардын мэри азыркыга чейин митингдерге уруксат жок деп кол койбой атат, эмне кылабыз анан.

Өмүрбек Абдырахманов: Сиз мына ушул жерден чыккандан кийин мени менен барыңыз, сизге митингке уруксат бербесе. Эч кандай уруксат болбош керек. Сиз дагы Кыргызстандын эркин адамысыз, эркин мамлекетте жашагыбыз келет. Каалаган күнү чыгып митинг өткөрө беришиңиз керек, жөн гана айтып коюңуз, милициялар сизди кайтарсын, башкаларды эмес.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз Батыштагы мамлекеттердин тажрыйбасы менен бөлүшүп жатасыз. Кыйынчылыктанбы же кандайдыр бир себептер мененби, сиз Америкага Кыргызстандан чыгып кеткен элеңиз. Кыргыз элинин башына бийлик менен кыйынчылык түшүп, бийлик менен элдин ортосунда каршылашуу катуу болуп турган учурда чыгып кеттиңиз эле. Эми бийлик алмашкандан кийин кайра келдиңиз, азыр аракетиңиз үчүн уялбайсызбы?

Өмүрбек Абдырахманов: Эмнеге уялам? Эмне үчүн уялышым керек. Мына Кыргызстанда күйөөсүн камап, аялын дагы камаган бир саясатчы болбосо керек. Бизнесибизди түп тамыры менен жок кылды. Жаңы технология менен жаңы өнөр жай, завод курдум эле ошонун бардыгын жок кылды. Калган бизнестин баарын жок кылып, эң артында шарт коюшту 15 жылга кесилесиң деп. Сиздин статьяңыз да ошондой болсо керек, 20 жылга чейин төңкөрүш кылып бийликти басып алуу деген, бизге да так ошону койгон. Аялыма сегиз жылды койгон, андан тышкары шарт койду, Бакиевден кечирим сурап коюңуз, анан жыргап жашай бериңиз деп. Же болбосо аялыңыз сегиз жылга, өзүңүз он беш жылга кесилесиз деди. Ошондо мен тамашалап айттым, экөөбүзгө бир эле камера берип койгула, мынча болуптур дедим. Мен андай кечиримди эч качан сурабайт болчумун, ошон үчүн чыгып кетүүгө мажбур болдум.

“Азаттык”: Айрым маалыматтар боюнча “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого аттанганы жатасыз. Эл арасында жакшы ишкер болгону менен жакшы саясатта жакшы өнүгүүлөрдү алып келмей болуш керек деген сындар айтыла баштады. Мындай көз караштарды жокко чыгаруу үчүн кандай өзгөртүүлөрдү мамлекеттик башкарууга киргизүүгө аракеттенесиз?

Өмүрбек Абдырахманов: Биринчиден, мен ачык эле айта алам, азыркы кабыл алган Конституциябыз эң мурда “Ата Мекен” партиясынын демилгеси менен көтөрүлгөн. Башка партиялар дагы көтөрүп чыккан, аны тана албайбыз, бирок негизги күчтү “Ата Мекен” партиясы жумшады деп айтсак болот. Ошон үчүн Конституцияда жазылган адам эркиндиктерин, экономикалык эркиндиктерин, саясий конкуренциясын бардыгын Кыргызстан үчүн жасаганга биздин партия аракетин жасайт.



“Азаттык”: Исхак мырза, сиз мурдагы Бакиевдин бийлиги учурунда Бакиевдер мисалы Максим болобу же Курманбек Бакиев болобу, сизге боор тартып жүрдү эле. Азыр аларга сиздин жаныңыз ачыган жокпу?

Исхак Масалиев:
Сиз эмнеден жыйынтык чыгарып атасыз боор тарткан деп?

“Азаттык”:
Мисалы үчүн парламенттик шайлоого келгенде?

Исхак Масалиев: Парламенттик шайлоодо чындыкка каршы боло албайт да. Же мени чоңойтуп мага кызмат бердиби, спикер же вице-спикер кылдыбы. Мен бул сөзгө кошулбайт элем. Көңүлү түз болгонуна каршылык жок, себеби мындай учурда элдик кыймыл түзүлгөндө, ошондо элдик кыймылга жетекчи болгондо раматылык менин атам Абсамат Масалиевич ал кишиге бата берип, ошондо башталган байланышыбыз ушул болчу. Анан сиз башында айтпадыңызбы, Минскиге барып келдиңиз деп. Минскиге чакырса дагы барбайм. Ал киши өзүнүн жолун өзү тандаган. Мен аябай таң калып атам, Кыргызстанда эки президентибиз тең элин таштап кеткенине. Эң өкүнө турган нерсе - кыргыздын традегиясы.

Өмүрбек Абдырахманов:
Эмне үчүн трагедия? Менин оюмча эң сонун, эл ошол өзүнүн демократиялык жол менен күрөшүп, мажбур кылып атат качып кеткенге.

Исхак Масалиев:
Жок, бул чоң трагедия.

Өмүрбек Абдырахманов:
Эгер азыркы бийлик дагы ошону баштаса, эл кайрадан кууп жибергенге акылуу.

“Азаттык”:
Ошол кууп жиберүү эми өнөкөт болуп калбаш үчүн эмне кылыш керек?

Өмүрбек Абдырахманов:
Өнөкөт болуп калбаш үчүн, кайсы бийлик болбосун элдин эркиндигин камсыз кылыш керек. Жанагындай демократиянын төрт көрсөткүчү бар: биринчи, көз карандысыз парламент болуш керек, экинчи - көз карандысыз эркин массалык маалымат каражаты, үчүнчүдөн, көз карандысыз сот болуш керек, төртүнчү - саясий конкуренция болуш керек. Мына ушуну жасап берсең, эркин митингилер болсо, эл эмне үчүн көтөрүлүп чыгып, эмне үчүн басып алат эле.

“Азаттык”:
Өмүрбек мырза мурдагы “Ак Жол” партиясын түзүү үчүн саясий партиялардын парламенттик шайлоого блок түзүп баруусуна жол берген жобо шайлоо кодексинен алынып ташталды эле. Ушул жобо азыркы шайлоо кодексине кайра киргизилеби же мурдагыдай болуп эле партиялардын бири-бирине көз каранды болуп, бири- бири менен биригүүсүнө муктаждык калабы?

Өмүрбек Абдырахманов:
Менин оюмча шайлоого чейин блок болбош керек. Анткени сиз башында айтып кеттиңиз үч партия биригип алып азыр ушул акыбалынан пайдаланып монополист болуп албайбы деп. Ар бир партия өзү каттоодон өттүбү, шайлоого катышып өзүнүн күчүн көргөзүш керек. Андан кийин шайлоодон келгенден кийин ким ким менен коалиция түзүп өкмөттү шайлайт, алардын өз иши болуш керек.

“Азаттык”: Мына ошондуктан саясатчылардын арасында өзүнүн партиясын түзүү өнөкөтүн пайда болдубу?

Өмүрбек Абдырахманов: Ал эң жакшы нерсе, бул дагы демократиянын жөрөлгөсү, көп партиялар боло берсин. Бирок ат чабыш болгондон кийин төрт-беш күлүк чыгып келет калганы, ошол бойдон саясий аренадан үмүтү үзүлөт.

“Азаттык”: Мындай жобо киргизилиш керекпи кайра, Исхак мырза кандай ойдосуз?

Исхак Масалиев: Башка коркунучу бар, өкмөттүн ичиндеги беш партия эч качан бирикпейт. Социалисттик партия менен мисалы үчүн "Ак шумкар" партиясынын экономикалык стратегиясы түп тамыры менен башка. Социалисттик деген социалисттик. Булар эмне себептен мындай блокко барбай атат, бул азыр түзүлгөн оппозициялык күчтөр бирикпесин деген сөз. Себеби бийликтин азырынча күчү жок, авторитети үч айда бир топ төмөндөп түштү. Кыргызстанда болгон окуялар сөзсүз таасир берип атат. Ошондой мезгилде Бакиевдики болобу, Акаевдики болобу, башка топтор бардыгы топтолуп туруп, чоң күч болуп калышы мүмкүн. Жеке менин пикирим, блок шайлоонун алдында болгонунун, балким, бүгүн кереги жок, анда кагылыш болуп кетет. Бир эле талап, шайлоо таза, калыс болуш керек. Ошого байланыштуу айтып кетейин, өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн иним кантип эле "Ата Мекенге" болушпайт кызматта отуруп.

“Азаттык”: Курманбек Бакиевдин президенттик катчылыгын түзүп жатканда бул Конституцияда жок деп эмне үчүн каршы болгон жоксуз. Анан сиз инвестиция боюнча Максим башкарган фонддун Байкоочулар Кеңешинин мүчөсү болчусуз. Ошол жактан акчалар кайда кетип жатканын билген жок белеңиз, же байкамаксанга салып койдуңузбу?

Исхак Масалиев: Бул жерден биринчиден тактап кетели, конституциялык эмес органдарды түзгөндө, ЦАРИ же башкасын түзөбү, ал өзүнүн иши. Ал эми өнүгүү фондунун байкоочу комиссиясында бизди бир жолу чогулткан Мелис Эшимканов. Ошондо мындай план кылганбыз, 300 миллион доллар кайда кетет, каякка жумшалат деп пландаштырылган мезгил болчу. Ал эми азыркы учурда айткандай, ал тигил жакка кетти, бул жакка кеттиби, биздин маалыматыбыз болгон жок. Түзгөн органдары, мен ойлоп атам, принципиалдуу эмес.

Өмүрбек Абдырахманов: Бул жерде Исхак мырза айтып атат, биз билбей- көрбөй калыптырбыз деп. Биз эмне үчүн Бакиевдин бийлигине оппозиция болуп жүрдүк, биз кызмат талашып жүргөн жокпуз. Кеп ошол Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасын киргизип, кылмыштуу иштерди жасап атканда эмне үчүн бул коммунисттик партия унчукпай отурду. ЦАРИ түзгөнүнүн максаты эмнеде эле. Максаты ошол экономиканы баласына өткөрүп берип, андан кийин өзүнүн ордуна калтырып коюш керек болчу. Ошону Исхакка окшогон эски саясатчылар билиш керек эле, көрүш керек эле. Ошого каршы чыгып чыгып туруш керек эле. Ошону билбегени үчүн биз бир аз сын айтып атабыз Исхактарга.

“Азаттык”: Сиз буга убагында маани бербей кодуңуз беле?

Исхак Масалиев: Жок, эмне үчүн? Бул жерде бардыгын түшүнүп турам. Элге чындап айтканда Конституция, өкмөттүн түзүлүшү деп атабыз, талаада иштеп жаткан дыйканга анын айырмасы жок. Ага дистопливо убагында болуш керек жана сиз айткандай жарандык эркиндиктерди бериш керек, шарт түзүп бериш керек, ошол жетишет.

Өмүрбек Абдырахманов: Эми ошолорду Максим түзүп береби?

Исхак Масалиев: Эми ал башка кеп, Максим түзөбү, сиз түзөсүзбү, айырмасын билбейбиз аны. Жаранга айырмачылыгы жок, президент өзү түзгөн уюмдарды түзө берсин, өзү жоопкерчилик алгандан кийин. Мына убакыт келди, жооп берди. Бул киши айткандай, билбепсиңер эмес, билбесек - билбейбиз деп айтабыз да, башка кантип айтабыз. Ошол эле сессияларды кээ бир учурларда бизди жолдоштор сындап атат, а чынында ушул он жылдык стенограмаларды көтөрүп чыккыла, айрым азыр убактылуу өкмөттө отурган адамдар макулдукту берип, облустарды, министрликтерди, премьер-министрликтерди жетектеп туруп, бүгүн эле көзү ачылып кетти. Ал эми он жылдан бери биздин позициябыз так, эгерде туура эмес болсо каршы добуш беребиз, туура болсо колдойбуз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза сиз ушундай өнөкөттөргө жол бербеш үчүн люстрация же болбосо тазалануу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу демилгесин көтөрүп жатасыз. Ал ишке ашат деген ишенимдесизби?

Өмүрбек Абдырахманов: Эгер биз ушуну кабыл ала албасак, кайра эле эски жолубузга шап этип түшүп кетебиз. Мына кечээ эле биздин жаңы эле шайлаган президентибиз "Ак жолдо" иштеген адамды алып келип туруп, коопсуздук комитетине биринчи орун басар кылып коюптур. Эми алар бизди люстрация кылабы же биз аларды люстрация кылабызбы, мына ошол сурооо туулуп атат. Азыр мына Исхак да айтып кетти, Бакиев өзү күнөөлүү, өзү жооп бериш керек экен. Жок, биз кыргыз калкы жооп беребиз, биз Бакиевге окшогон адамдарга бийликти берип койдук. Үй-бүлөлүк системаны киргизип атканда биз жакшы айта албай койдук. Оппозиция дагы катуу жакшы чыга албай койду, булар болсо колдоп туруп алды. Мына экинчи ошондой болбош үчүн жанагы тазалануу деген мыйзамды кабыл алыш керек.

“Азаттык”: Бирок ишке ашабы, негизги өзөгү ошондо турат да?

Өмүрбек Абдырахманов: Ишке ашырышыбыз керек, мен облустардын бардыгында болуп келдим. Элдер менен жыйналыштар болду, чоң залдар толтура элдер болду, ошолордун бардыгы көтөрүп атат "Ак жолдо" жүргөндөр, азыр бийликти кайра алабыз деп жулкунуп аткандарга биз жол бербешибиз керек деп атат. Ошон үчүн бул люстрация законун бийлик алабы-жокпу, бирок кыргыз эли муну кабыл алыш керек. Ошол мыйзамды ишке ашыруу боюнча иштеп жатышат.

“Азаттык”: Исхак мырза айрым эл аралык эксперттер анын ичинде Орусиялык эксперттер айтып жатышат, 22-июлда Кыргызстандын түштүгүнө коңшу мамлекеттер тарабынан бир исламчыл топтор кирип, дагы бир коогалаң уюштурушу мүмкүн деп. Ал эми жергиликтүү гезиттер бийлик саясат менен алектенип, коопсуздук маселесине көп көңүл бурбай жатат деп сындап жатышат. Мындай коотонууларга негиз барбы?

Исхак Масалиев: Бийликтин өзүнүн орду бекем болбосо, ар кандай кыймылдар күчөйт. Анын ичинде диний саясий кыймылдар күчөшү мүмкүн. Сиз айткан маалыматты мен дагы окудум, абдан өкүнүп атам. Бул бекеринен айтылган сөз эмес. Мен ойлоп атам, Орто Азия мамлекеттеринде бир чоң оюн даярдалып атат. Кеп Кыргызстанда эмес, кеп ошол эле коңшу мамлекеттерде. Эгерде ушундай иш башталса, сценарист режиссерлорду бул жерден эмес, башка жактан иштеш керек. Эми биз болсо Өмүке экөөбуз отуруп бул жерде кичинекей нерсе үчүн тытышып атабыз. Ал эми чындыгында мамлекеттин тагдырына коркунуч чоң болуп турат азыр.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG