Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү көтөрүлдү


Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд. 700 млн.кубометрден ашты. Бул тууралуу бүгүн “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Былтыр ушул маалга аталган суу сактагычта суунун көлөмү болгону 10 млрд. 470 млн. кубометрди түзгөн эле. Суу сактагычка келип түшкөн суу агымы секундасына 1181 кубометрди түзүп жатат.

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү норма боюнча 9 млрд 200 млн кубдан ылдый түшпөөсү керек. Андан түшсө сөзсүз түрдө агрегаттарга күч келип, бузулууга алып келет. (EK)

XS
SM
MD
LG