Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

В. Хлюпин Кыргызстандын Баш прокуратурасынын айыптоолорун четке какты


“ЦентрАзия.ру” интернет басылмасынын редактору Валерий Хлюпин Кыргызстандын Башкы Прокуратурасына жооп кайтарды. Хлюпин эгерде эл аралык комиссия Асрор Муминовдун “Кыргыздар өзбектерди мечиттерде да өлтүрүштү” деген макаласындагы маалыматтарды төгүндөсө, агенттик Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан кечирим суроого даяр экендигин билдирди. “ЦентрАзия.ру” интернет басылмасынын редактору Кыргызстан тууралуу маалыматтардын 90 пайыз өкмөттө отурган булактардан алынаарын кошумчалаган.

Мурда “Азаттыкта ”кабарлангандай “ЦентрАзия.ру” сайтында Асрор Муминовдун “Кыргыздар өзбектерди мечиттерде да өлтүрүштү” деген макаласы жарык көргөн. Анда көрсөтүлгөн фактылар боюнча Ош прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын бир катар мечиттеринде текшерүү иштери жүргүзүлүп, андагы дин кызматкерлери мечитте эч кандай кылмыш фактылары болбогондугун тастыкташкан.

Макаладагы айтылган фактылар аныкталган эмес. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бул макаланынын чындыкка коошпой турганын билдирип, Казакстандын Башкы прокуратурасынан аталган агенттиктин ээсин жана журналист Асрор Муминовду улут аралык араздашууга май куйган макаласы үчүн жоопко тартууну өтүнгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG