Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

ЕU: Грузия, Азербайжан, Армения менен алакаларды чыңоону көздөйт


Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Кэтрин Эштон Еврошаркет менен Грузия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда биргелешкен келишимдерди түзүүнүн үстүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты.

Кечээ К.Эштон Грузияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешкен келишимдер Грузиядагы демократиялык өнүгүүгө, узак мөөнөттүк туруктуулукка жага экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө салым кошоорун белгиледи. Бүгүн Бакыда Евробиримдик-Азербайжан сүйлөшүүлөрү өтүп, 19-июлда Ереванда Армения менен кызматташуу тууралуу иш уланат. Евробиримдик буга чейин Украина жана Молдова менен мындай келишимге жетишкен.

XS
SM
MD
LG