Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

ЕККУ тышкы иштер министрлери Алматыда эки күндүк жыйында


Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Аскар Абдрахмановдун айтуусунда, бейрасмий жыйындын күн тартибинде Европадагы жана Евразиядагы коопсуздук, ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндөгү абал менен Ооганстан талкууланат. Мурда айтылгандай, жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышып, анда эл аралык полиция күчтөрүн Ош жана Жалал-Абад облустарына киргизүүнүн шарттары тууралуу сөз болушу күтүлүүдө.

13-июлда Бишкекте АКШ президентинин атайын жардамчысы Майкл Макфол Кыргызстандын расмий бийлиги өлкө түштүгүнө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө макул экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG