Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук кызматынын карамагына берилет


Мамлекеттик чек ара кызматы мындан ары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы бир орган болот. Ал эми бул кызмат жетекчиси Курманакун Матенов УКМКнын биринчи орун басары болуп дайындалат. Президент Роза Отунбаева бул тууралуу Жарлыкка кол койгонун техникалык өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ушу тапта техникалык өкмөттүн алгачкы жыйынында өкмөт курамындагы жаңы дайындоолор менен тааныштыруу жүрүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG