Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Түштүктө жапа чеккендерге жардам берүү боюнча атайын өкмөттүк топ түзүлөт


Аны вице-премьер Өктөмхан Абдуллаева жетектемекчи. Бул тууралуу техникалык өкмөттүн бүгүн өтүп жаткан алгачкы жыйынында айтылды. Түштүктө жапа чеккендерге жардам берүү боюнча түзүлчү атайын өкмөттүк топ ириде документтери күйүп кеткен жарандарга жардам берет. Мындан тышкары бул топ үйсүз калгандардын жеке менчикке болгон укуктарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды алып барат. Президент техникалык өкмөткө күзгө дейре түштүктө үйсүз калгандарга турак-жай тургузуп берүү милдетин койду. (EK)

XS
SM
MD
LG