Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

Түштүктөгү тополоңдун себептерин улуттук жана эл аралык комиссия иликтейт


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн билдирди. Өлкө башчысы Ош жана Жалал-Абаддагы окуялардын келип чыгышын иликтөө боюнча түзүлгөн улуттук комиссиянын курамына белгилүү этнолог, тарых адистери, күч структураларынан жана окумуштуулардан өкүлдөр киргенин айтты. Ал эми эл аралык комиссиянын курамында ЕККУ, Евробиримдик, БУУ баштаган эл аралык уюмдардан адистер иш алып барышмакчы. Отунбаева бул эки комиссиянын докладдарынын жыйынтыгында Кыргызстандын түштүгүндө июнь айында орун алган кайгылуу окуяларга саясий баа берилет деди. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG