Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Нарын шаардык кеңештин депутаттарынын аракетсиздигин губернатор сынга алды


Нарын облусунун губернатору Турдубек Мамбетов бүгүн Нарын шаардык кеңештин депутаттары, Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен таанышты. Т. Мамбетов мурдакы губернатордун милдетин аткаруучу А.Эсенбековдун талапташтары аны кет деп жатканда, ошондой эле Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматовду кызматтан мыйзамсыз кыйнап кетирип жатканда шаардык депутаттар өз милдеттерин аткарбагандыгын белгиледи. Эң кары депутат Арпачы Дүйшөналиев мэр кызматына мыйзамсыз иштен кетүүгө мажбур болгон А. Кулматовду же башка татыктуу адамды дайындоо жөнүндө президентке сунуш берүүнү губернатордон өтүндү. Нарын шаарынын мэри А. Кулматов июнь айынын башында тобу уюшкан топтордун кысымынан жана коркутуп-үркүтүүсүнөн улам кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG