Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Р. Отунбаева Германия менен Франциянын министрлерин кабыл алды


Президент Р. Отунбаева бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестерелле менен Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнерди кабыл алып, өлкөнүн түштүгүндөгү чыр-чатак болгон аймактагы кырдаалды талкуулады.

Франция менен Германиянын бийлик өкүлдөрү кыйын абалда турган Кыргызстандын элине жакын болуп, жардам берүүгө даяр экенин билдиришти. Алардын өлкөсүнүн өкмөтү жөн гана гуманитардык жардам менен чектелбей, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшмөкчү.

Р. Отунбаева өз кезегинде өлкөнүн түштүгүндөгү кайгылуу окуяларды иликтөө улуттук комиссияга тапшырылганын, ошондой эле эл аралык комиссиянын дагы иликтөөсү жүргүзүлөрүн билдирди.

Франция менен Германиянын тышкы иштер министрлери бүгүн түшкө чейин Ош шаарына барып, тополоңдун кесепеттерин өз көздөрү менен көрүп, эл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп келишти.

XS
SM
MD
LG