Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Р.Отунбаева: Билек түрүп, аянбастан иштечү мезгил келди


Жаңы өкмөттүн алгачкы жыйыны, 16-июль.
Жаңы өкмөттүн алгачкы жыйыны, 16-июль.

16-июлда жаңы дайындалган техникалык өкмөт биринчи жыйынга чогулду. Президент Роза Отунбаева жыйында өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, коогалаңда жабыркагандарга жардам көрсөтүү биринчи кезектеги иштерден болоорун белгиледи.

Президент Роза Отунбаева жыйын башында бул жаңы өкмөт эми өткөөл өкмөт деп аталаарын белгилеп, өткөөл өкмөттүн биринчи жыйыны жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүн кайра тааныштыруу менен башталды. Жыйынга коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков жана маданият министри болуп жаңы дайындалган Садык-Шер-Нияз, дагы бир-эки жетекчилерден башкасы баары катышты. Президент Роза Отунбаева ушул күндөрү июнь айындагы кайгылуу окуяда курман болгондорду эскерүү өтүп жатканын белгилеп, жыйынды шейит кеткендердин жаркын элесин эскерүү менен баштады.

Андан соң Р.Отунбаева өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, алдыдагы жасалчу иштер, милдеттер туурасында айтты. Өлкө башчысынын айтымында, жаңы өкмөттүн алгачкы милдеттеринин бири - Кыргызстандагы соңку апрель жана июнь айындагы жапа чеккен аймактарды калыбына келтирүү, үй-жайынан айрылгандардын маселесин кышка чейин чечүү аракеттери болорун белгиледи. Буга байланыштуу чукул арада жапа чеккендерге жардам берүү багытында атайын топ түзүлмөкчү. Ал тополоңдун кесепетинен өздүк документтеринен айрылгандарга көмөк көрсөтүп, менчикке болгон ээлик укуктарын ыкчам калыбына келтирүү жаатында иш алып барат.

Ошондой эле Роза Отунбаева соңку кездерде ишкер чөйрөдөн көптөгөн арыздар түшүп жатканын белгилеп, тиешелүү органдардын ишкерлерди себепсиз текшерүүсүн токтотууну талап кылды. Ал мындай көрүнүш мурдагы эки президенттин тушунда болуп, төңкөрүштүн негизиги себептеринин бири да ушулар болгонун белгилеп өттү:

- Мен биринчи кезекте биздин укук коргоо органдары соңку мезгилдерде адатка айлындырып алган ишкерлерге карата массалык текшерүүсүн талап кылат элем. Бакиевдерди кармоого келгенде алсыз болуп калышат да, бизнеске келгенде кыйын болуп чыга келишет. Бул өзүм билемдикти токтотуу үчун атайын чечимдерди кабыл алып жатабыз. Биздин дагы бир негизги өтө зарыл милдетибиз – бул өлкөнүн экономикасын өстүрүүнү оң жолго коюу болуп саналат. Созулуп бараткан татаал кырдаал, соңку айлардагы экономикалык абал абдан оор абалга алып келди. Ошондуктан билекти түрүп, аянбастан иштечү мезгил келди.

Өлкө башчысы өкмөткө салык системасын, айрыкча чакан жана орто бизнес үчүн өтө жөнөкөйлөтүү жагын карап чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы милдеттеyмелерди эске алып, Бажы биримдигине кирүүнүн жалпы позициясын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Коомчулук арасында жаңы куралган өкмөт мүчөлөрүнүн айланасында түрдүү сын-пикирлер, мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев учурундагы эле кадрлар келди деген сөздөр айтылууда. Өлкө башчысы мындай пикирлерге оюн мындайча билдирди:

- Азыркы өкмөт сөзсүз профессионалдык өкмөт болушу керек. Үч айда биз жаңы, жаш, Гарвард университетин бүтүп келген болсо да аны тигиндей кыл, муну жаса деп үйрөтүүгө такыр убакыт жок. Мен деле Акаев учурунда иштедим. Биз баарыбыз эле иштедик. Биз эми Кыргызстандан чыгып кетелиби, эмне кылалы?

Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев өткөөл өкмөт жаңы дайындоолор менен алектенбей, башкаруу системасын жоготпоого аракет көрүш керек деген ойдо:

- Булардын иши жеке эле милдети болсо керек, биринчи, азыркы башкаруу системасын жоготпой, эч кимдерди дайындабай, иштеп турган адамдар менен иштеп, экономикадагы туруктуу абалды сактап калыш керек. Экинчиден, шайлоого керектүү болгон бардык маселелерди убагында чечип бериш керек.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жаңы өкмөттүн милдети - экономикалык туруктуулукту сактап калуу деген пикирде:

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев

- Азыр келгендердин бардыгы мурда ушундай, ушундан жогору жана төмөнкү жумуштарда иштеген адамдар. Тажрыйбалары жетиштүү. Эми булардын алдында Р.Отунбаевага жардам берип, экономикадагы туруктуулукту сактап, төломдөрдү пенчия жана башкаларды төлөп, ошондой эле адилеттүү шайлоону өткөрүү милдети турат.

Р.Отунбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып буга чейин бүдөмүк болуп келген Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүнүн киргизилиши тууралуу маселени да ачыктады. Анын айтымында, Европа коопсуздук кызматташтык уюмунан (ЕККУ) 50 куралсыз полиция Ош шаарына киргизилет. Алар төрт ай бою адам укуктарынын корголушуна көз салып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кызматтык аша чаап кетүүлөрүн алдын алышат. Эл аралык полициялардын мандаты – байкоо салуу, кеңеш берүү жана тренинг өткөрүү болуп эсептелет.

Мындан сырткары Р.Отунбаева жаңы дайындалган өкмөт өкүлдөрүн шайлоо таза, ачык өтүшү үчүн партия мүчөлүгүнөн чыгып, же убактылуу мүчөлүгүн токтотуусун талап кылды. Эгерде шайлоо учурунда кимдир бирөө тарабынан административдик ресурсту колдонуу аракеттери байкалса, токтоосуз кызматтан алынат. Ошондой эле ар бир өкмөт мүчөсүнөн бир аптада кыйын кырдаалдан чыгуу жолдорун, кышка даярдык, Камбар-Ата 2 ГЭСинин иштери туурасында сунуштарын күтө турганын айтты.

XS
SM
MD
LG