Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Ысык-Көлдөгү эл аралык фестивалга сырттан чакырылган таланттар келбей калды


"Кадыр Түн 2010" эл аралык фестивалы бүгүн Чолпон-Ата шаарында ишин баштады. Маданият министрлигинин улуттук борборунун жетекчиси Райымкул Боромбаев Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан чакырылган таланттар келбей калганын билдирди.

«Рух Ордо» маданий комплексине чогулган 50гө жакын өнөрпоздор чучукулак кармоо жолу менен катар номерин такташты. Алар эстрада жана фольклор боюнча ат салышат. Бай байгеге 100 миң сом коюлган. Аталган фестиваль Ысык-Көл районунун 80 жылдыгынын урматына ырчы, комузчулар арасында өткөрүлүп жатат.

Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Дөөлөтбек Салмакеев фестивалдын максаты жаш талантарды тандоо жана туристтик сезонго коомчулуктун көңүлүн буруу экенин билдирди.

«Кадыр Түн» фестивалын Казастандын массалык маалымат каражаттары да чагылдырууда. (RB)

XS
SM
MD
LG