Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Президент бир катар дайындоолорду жасады


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп келген Кеңешбек Дүйшөбаев кызматынан бошотулуп, кайра ошол эле мекеменин жетекчиси болуп дайындалды.

Ушундай эле жол менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилигине Болотбек Абдрахманов дайындалды.

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилигине Чолпонкул Арабаев, Интеллектуалдык менчик кызматынын директору болуп Зина Исабаева, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча улуттук агенттигинин жетекчилигине Бахтияржан Фаттахов, Улуттук статистикалык комитеттин төрагалыгына Орозмат Абдыкалыков, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин директорлугуна Каныбек Нарбаев дайындалды.

Ошондой эле Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп Екатерина Хорошман, Каржы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп Нурбек Элебаев, Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп Байыш Нурматов, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматына Алмамбет Шыкмаматов, Бажы кызматынын төрагалыгына Кубанычбек Кулматов дайындалды. (IJz)

XS
SM
MD
LG