Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Ж.Стайнберг эртең Кыргызстанга келет


АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Жеймс Стайнберг эртең 18-июлда Бишкекке келмекчи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда, жолугушуу АКШ тараптын демилгеси менен уюштурулууда.

Ж.Стайнберг иш-сапары алкагында президент Роза Отунбаева, өкмөт мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Ошондой эле анын иш планында “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик борборуна баруу каралган. Ж.Стайнберг Кыргызстанга болгон иш-сапары тууралуу маалымат жыйынын да өткөрмөкчү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG